Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №15/2
Алайку айыл өкмөтүндөгү арендага берилүүчү ФПЗ жерлердин аренда акысын өлчөмүн, мусорго берилүүчү салык өлчөмүн жана мал, жандыктын жайыт пул акысын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Алайку айыл өкмөтүнүн салык маселер боюнча башкы адис Б.Эргешовдун сунушун угуп талкуулап Алайку айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл өкмөтүндөгү арендага берилүүчү ФПЗ жерлеринин аренда акысынын өлчөмү, мусорго берилүүчү салык өлчөмүнүн мал жандыктын жайыт пул акысы төмөндөгүдөй баа өлчөмү коюлуп бекитилсин.
Аренда жер, ФПЗ айдоого 1 гектарына жылына 500 сом.
Табигый чөп орундуу жерге 1 гектарына 350 сом.
Мусорго берилүүчү салык өлчөмү ар бир турак үйдүн кожоюнунан 100 сом.
Жайыт пул.
Бодо мал үчүн 40 сом.
Жандык мал үчүн 10 сом.
2. Жогоруда белгиленген өлчөмдө салык акысын, аренда акысын топтоо жагы салык маселелер боюнча башкы адис Б.Эргешовго милдеттендирилсин.
3. Жайыт пулду топтоо жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Кожобаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Т.Токторбаев |