Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты №16/1
Кыргыз Республикасынын президенти, 2019-жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү ” жылы деп жарыялоо туралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында, Кара-Кулжа аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын президенти, 2019-жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыялоо туралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында, Кара-Кулжа аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясы , Алайку айыл өкмөтүнүн аймагында элдин калын катмарына жеткирилип, элдик жыйындарда талкууланып жана Алайку айыл кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын президенти, 2019-жылы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыялоо туралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында, Кара-Кулжа аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясынын негизинде, Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарда сунушталган чечимдери бекитилсин.
2. Алайку айыл өкмөтүнүн, 5.03.2019-жылдагы №2 токтомунун негизинде, түзүлгөн комиссиянын курамдары бекитилсин. /комиссиянын курамы тиркелет/.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын ыксыз чыгымды азайтуу боюнча комиссиянын төрагасы: Алайку айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аттокуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Кожобаев А. |