Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты №16/4
Алайку айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт акысын чогултууда жаралган көйгөйдү эске алып, салык башкармалыгынан берилген жайыт акысын планын ондоп кароо жөнүндө
Алайку айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт акысын чогултууда Алайку айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы жайыт 24985га болсо жакынкы жайыт 3235 алыскы жайыт 21750га болуп, алыскы жайыт көпчүлүк учурда пайдаланылбай, пайдалануучулар тарабынан акы төлөнбөй Кара-Кулжа салык башкармалыгы тарабынан берилген жайыт акысынын планы толук чогулбай жаткандыгына байланыштуу Алайку айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жаралган маселелери боюнча , алыскы жайытты пайдалануучулар пайдаланбай лесхоздун карамагындагы жайыттар жайыттар салык салымын өкмөттүн бюджетине төкпөгүндүктөн, акысы Кара-Кулжа райондук салык башкармалыгы берген салык салымы толбой жатканы белгиленсин.
2. Алайку айыл өкмөтүнүн ЖПБнин 2019-жылга берилген жайыт акысы салык жыйымынан пайдаланылбай лесхоздун жерин жана алыскы пайдаланылбай калган жайыттардын акысынын жыйымын кыскартып (жайыт акысын азайтып) берүү жагы Кара-Кулжа райондук салык башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ЖПБнин төрагасы А. Кожобаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Кожобаев |