Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-октябры №20/3
Алайку айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиянын жобосу жана жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиянын жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркемеге жобо тиркелет).
2. Алайку айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
Комиссиянын курамы
Оморбеков Керим – Алайку айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
Сүйүнбаев Омор – Кан-Коргон айылынын тургуну, жеке ишкер, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Кулуев Эрлан – Алайку айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери, комиссиянын катчысы.
Максүтов Раатбек – Кан-Коргон айылында жаштар уюмунун мүчөсү,комиссиянын мүчөсү.
Чордонов Тынчтыкбек – Сай-Талаа айылында жаштар уюмунун мүчөс, комиссиянын мүчөсү
Комиссиянын курамы алайку айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Типтүү Жобону аткарууга алышсын.
Төрага | М. Салибаев |