Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-октябры №20/5
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Алайку айыл аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Алайку айыл аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Алайку айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Алайку айыл аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алайку айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | М. Салибаев |