Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 33/3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто мектебине «Панфиловчу» Акматов Каримдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто мектебине «Панфиловчу» Акматов Каримдин ысымын ыйгаруу максатында, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургундарынын жана Борбаш орто мектебинин жамаатынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто мектеби «Панфиловчу» Акматов Карим атындагы Борбаш орто мектеби деп аталышына макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |