Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 33-4
Кыргыз Республикасынын бюджети тарабынан 2019-жылдын декабрь айында ажыратылган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын Республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитүү жөнүндөгү сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фонду боюнча салыкты жогорку деңгээлде төлөгөн айылдын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында Сарыкаңды айылына таза суу чыгаруу үчүн, Республикалык бюджеттен 2019-жылдын декабрь айында каржыланган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты 1-тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Мындан ары да мыйзамга ылайык статьяларга коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге жана ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |
Көк-Жар айылдык кеңешинин
2019-жылдын 27-декабрындагы
6-чакырылышынын кезектеги
33-сессиясынын №33-4 токтомуна
1-тиркеме
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата киреше бөлүгүн толтуруу максатында активдүү иш алып барган айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатынын сметасы
Бөлүмдөр | Жалпы сумма | 3111 |
70629 | 200 000 | 200 000 |
Жалпысы | 200000 | 200 000 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы: А. Тургунбай уулу