Редакцияот 14.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы

 

2020-жылдын 14-январы № 34-1

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылына эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан комплекс мектеп(260 орундуу) балдар бакчасы ФАП жана спорт залын куруу жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылына эл аралык кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп (260 орундуу) бала бакча жана ФАП куруу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургундарынын комплекс куруу боюнча арызы эске алынсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылына эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан комплекс мектеп(260 орундуу) балдар бакчасы спорт залы жана ФАП курууга макулдук берилсин.

3. Куруу үчүн жер участкасын эл талап кылган жерден мыйзамдуу ажыратып берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Туманов