Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 34-2
2020-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүмчөлөрүнө ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2020-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына 1,2 коэфициенти бекитилсин.
2. 1,2,3- топтогу мүлк салыгы 1,0 коэфициенти менен эсептелинсин.
3. Тамарка салыгынан 1230 (бир миң эки жүз отуз) кожолука жеңилдик берилсин (пенсионерлер, көп балалуулар, ВОВ катышуучулары, ДРА,Баткен, ЧАЭС, майыптар).
4. Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты 0,15 га ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.
5. 2020-жылга карата айыл аймагы боюнча 3697 (үч миң алты жүз токсон жети) кожолука таштанды салыгы 75 (жетимиш беш) сом жана ишкерлерге 100 ( бир жүз) сом болуп бекитилсин.
6. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге, ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жана айыл өкмөтүнүн салыкчы адистерине милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |