Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 35-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын Ак-Өтөк участкасына таза суу чыгаруу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Ак-Өтөк участкасынын тургундары тарабынан 2020-жылдын 12-февралында берилген арыздарын угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна таянып, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылында жайгашкан Ак-Өтөк участкасына таза суу чыгаруу максатында 150 000 (бир жүз элик миң) сом акча каражаты 2020-жылга карата бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартылган инвестициялар үчүн каралган акча каражаттарынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражаты бюджеттик кодексте белгиленген мыйзамдарга негиз учурдагы жылдын 1-июнуна чейин ажыратылсын.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |