Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 35-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Зиядинов Камыт атындагы көчөсүн, жашоочулардын каалоосу менен Абдраимов Базарбай атындагы көчө деп ат коюу жөнүндө
Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Зиядинов Камыт атындагы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана Зиядинов Камыт атындагы көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдугун угуп жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы Зиядинов Камыт атындагы көчөнүн жашоочулары жана туугандары (Зиядинов Бахтияр) өз каалоосу боюнча көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдук беришкендигине байланыштуу Көк-Жар айылдык кеңешинин көчөнүн атын Зиядинов Камыт деп чыгарган токтому жокко чыгарылсын.
2. Ошол көчөнүн тургундарынын кайрылуусуна жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн сунушуна негиз Зиядинов Камыт көчөсү, Абдраимов Базарбай атындагы көчөгө өзгөртүүлүсүнө макулдук берилсин.
3. Бардык иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |