Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №35/1
Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга маалыматын угуу боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга маалыматын угуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин 2019-жылга аткарылган иштердин маалыматын угуп, негизинен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Корул айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
3. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышына камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Тоотаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |