Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №35/2
Корул айыл өкмөтүнүн Арал айылы «айыл» статусун алгандыгына байланыштуу 2020-жылга карата каттоо боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Мукур, Талдуу-Булак-1, Тогузгун, Арал жана Саз калктуу конуштары биригип «Арал» айылы статусун алгандыгына байланыштуу 2020-жылга карата каттоо жөнүндө Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Мукур, Талдуу-Булак 1, Тогузгун, Арал жана Саз калктуу конуштары биригип «Арал» айылы статусун алгандыгына байланыштуу 2020-жылга карата каттоодо Шайырбек Токтобаев, Тойгонбай Орозалиев, Адилет Суранбаев жана Эрмек Жусумаматовдон жогору карай Зарипбек Тайчабаров, Жолчубек Курбанбаевдердин үйлөрүнүн аралыгында жашап жаткан жана тамарка жери барлар Арал айылынын тургуну болуп катталсын. Токтобаев Айти ажы көчөсү, Мурзакаримов Намазбек көчөсү, Данияров Бердикожо көчөсү, Маматумаров Турганбай көчөсү, Сатыбаев Жээнтай көчөсү жана Ажымаматов Токтомамат көчөсүнүн жашоочулары толугу менен Арал айылынын тургуну болуп катталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, ФЭБ башчы Н.Тоотаевага, башкы адис А.Ысаковго жана Арал айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |