АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-январы № 8
“Темир” МИнин имаратын жана ага жанаша аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300 дареги боюнча жайгашкан “Темир” МИнин имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Темир” МИнин имаратын Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 0,25 га жер тилкесинде жайгашкан, курулуштун пайдалуу аянты 483,3 кв.м2 түзгөн “Темир” МИнин имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү сурансын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына аталган объектинин техникалык документтерин даярдоо тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |