Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-февралы № 10-27
Аламүдүн айыл аймагынын 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2017-жылга карата планын жана 2018-2020-жылдарга карата орто мөөнөттүү бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Д.Алымбаеванын “Аламүдүн айыл аймагынын бюджетинин 2016-жыл үчүн аткарылышынын жыйынтыгы, 2017-жылга карата бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга карата божомол-пландын орто мөөнөттүү долбоору жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. ФЭБнын башчысы Ч.Д.Алымбаеванын Аламүдүн айыл аймагынын 2016-жыл үчүн 61877,00 миң сом өлчөмүндө бюджеттин кирешеси жана 62384,4 миң сом өлчөмүндө бюджеттин чыгашасы боюнча, атайын эсептик боюнча 3346,8 миң сом өлчөмүндө кирешеси боюнча, 6115,5 миң сом өлчөмүндө чыгашасы боюнча бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. 2017-жылдын 1-январына карата негизги эсеп боюнча 84,5 миң сом өлчөмүндөгү, атайын эсеп боюнча 9,0 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык бекитилсин. Эркин калдык № 1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. 2017-жылга карата айыл аймак сунуштаган бюджеттин кирешелер жана чыгашалар боюнча:
* бюджет боюнча 48126,6 миң сом;
* атайын эсеп боюнча 3222,0 миң сом
өлчөмүндөгү план-божомолу бекитилсин.
4. 2017-жылга карата айыл аймагынын бюджет жана атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен № 2 тиркемеге ылайык түзүлөт.
5. 2017-жылга карата айыл аймагынын күндөлүк чыгымдарын каржылоого бюджет жана атайын эсеп боюнча каражаттар № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-2020-жылдарга карата айыл аймагынын орто мөөнөттүү бюджетинин план-долбоору боюнча кирешелер, чыгашалар боюнча эсептер эске алынсын.
7. Бюджет боюнча 2017-жылга карата 10,0 миң сом өлчөмүндө жүгүртмө кассалык нак акча каражаты бекитилсин.
8. Райондун бюджеттик мекемелеринин чыгымдарын каржылоо боюнча каражаттардын өлчөмү сметалар боюнча катуу сакталышы керектиги жана ушул Токтомдун чегинде белгиленген иш-чараларга жана программаларга багытталары белгиленсин.
9. 2017-жылы Аламүдүн айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезектеги корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) боюнча жүргүзүлөрү белгиленсин.
10. 2017-жылга карата бекитилген айыл аймагынын бюджетинде 0 миң сом көлөмүндөгү республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттын өлчөмү эске алынсын.
11. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 109-беренесинин негизинде айыл аймагынын финансы бөлүмүнө бюджетти аткаруу процессинде бөлүнгөн акча каражатын чыгашалар беренелеринин ортосунда, ошондой эле негизги топтор, топчолор боюнча жалпы чыгашалардын чегинде чыгашалардын корголгон беренелерин кемитпей туруп, кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүү укугу берилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомуна ылайык 2017-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараты, ТКЧ, китепкана, клуб боюнча шаттык тизим бекитилсин (шаттык тизим тиркелет).
13. 2017-жылы бюджетти аткаруу процессинде айыл аймагынын кошумча түшкөн кирешелери социалдык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашырууга, социалдык-экономикалык планды жана жеке чечимдерди аткарууга багытталсын.
14. Аламүдүн айыл аймагынын резеврдик фонду 2017-жылга карата жалпы чыгымдардан 1% өлчөмүндө 481,3 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
15. Материалдык жактан колдоо максатында өзүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн 2017-жылдын бюджетинин “Мамлекеттик кызматтар” бөлүгү боюнча 737,1 миң сом акчалай сыйлык жана материалдык жардам төлөө түрүндө муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо үчүн беш айлык кызмат орундук маянага чейин каралсын
16. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |