Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 11-27
Интернет тармагын орнотуу жөнүндө
Аламүдүн айылдык кеңешинин башчысынын Садовое айылына коммуникациялык жабдууларды орнотуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин өнөр жайды, коммуникацияны, курулушту, архитектураны өнүктүрүү боюнча депутаттык комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Садовое айылы Кара-Суу көчөсү № 10 дареги боюнча жайгашкан ФАПтын аймагына коммуникациялык жабдууларды орнотууга “Акнет” ЖЧКсына уруксат берилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы “Акнет” ЖЧКсы менен биргеликте бекер орнотуу, тейлөө жана “Бөбөк Аламүдүн” бала бакчасына интернет акысын төлөө менен жер участогун бөлүп берүү жөнүндө келишим түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |