ТоктомКүчүндө

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 13-27 «Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция13.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 13-апрели № 13-27

Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Заречная көчөсү боюнча жайгашкан № 5 турак үйүнүн батыш тарабынан муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Турак үй куруу үчүн Аламүдүн айылы Заречная көчөсү боюнча жайгашкан номуру жок, далдаштыруу белгиси 7-01-03-1001-4029 аянты -0,078га жер тилкеси тоорукка коюлсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко