Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 14-27
Акча каражаттары жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 10,0 млн.сом өлчөмүн акча каражаты келип түшкөнү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдөн улам 2016-жыл үчүн бюджеттин кирешелеринин түшпөй калуусуна байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен келип түшкөн акча каражаттары төмөнкүлөргө багытталсын:
- “Гидрокуруучу” ИСКАКБга - 2,5 млн.сом Аламүдүн айылына суу мунарасын сатып алууга жана орнотууга;
- “Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИге - 2,5 млн.сом канализациялык тармактарды капиталдык оңдоп-түзөөгө;
- “Мээнет-Аламүдүн” МИге -1,0 млн.сом таштанды чыгаруу боюнча кредитордук карызын жабууга;
- “Технотоп” ЖЧКсына -2,0 млн.сом жолдорду оңдоп-түзөө боюнча кредитордук карызын жабууга;
- “Максат” фирмасы КТӨ” ЖЧКсына -1,0 млн.сом жолдорду оңдоп-түзөө боюнча кредитордук карызын жабууга;
- “Эр Курулуш” ЖЧКсына – 1,0 млн.сом “Жомок” бала бакчасын оңдоп-түзөө боюнча кредитордук карызын жабууга.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |