ТоктомКүчүндө

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 18-27 «Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция23.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 23-майы № 18-27

Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсүнүн түндүн-батыш бөлүгүндөгү муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турак үй куруу үчүн Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн түндүн-батыш бөлүгүндөгү муниципалдык жер тилкесин бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлгөн аянтын жалпы аянты -1,47 га, далдаштыруу коду7-01-03-1001-4005, аянттары 3264,1 м2; 907,82 м2; 3748,03м2; 882,48м2 муниципалдык жер тилкелери тоорукка коюлсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко