Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 19-27
Калктан акча каражатын жыйноо жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы “Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИнин Аламүдүн айылы Чугуева жана Алма-Ата көчөсү боюнча канализациялык тармактарды төшөөдө калктан жана чарбакер субъектилерден акча каражатын жыйноону бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылы Чугуева жана Алма-Ата көчөсү боюнча канализациялык тармактарды төшөө үчүн төмөнкү суммадагы тариф бекитилсин:
-24,0 миң сом ар бир короодон;
-30,0 миң сом ар бир чарбакер субъектиден.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |