АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 20-27
Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Садовое айылы Бегалиев (8-март) көчөсү боюнча жайгашкан аткананын чыгыш тарабындагы далдаштыруу номери 7-01-03-1002-0678 муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак үй куруу үчүн Садовое айылы Бегалиев (8-март) көчөсү боюнча жайгашкан аткананын чыгыш тарабындагы далдаштыруу номери 7-01-03-1002-0678, жалпы аянты 0,045м2 муниципалдык жер тилкеси тоорукка коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |