Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 24-27
Темир” МИ жоюлгандан кийин анын имараты жана ага жанаша аймак Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алуусуну макулдук берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300 дареги боюнча жайгашкан “Темир” МИ жоюунун натыйжасында анын имаратын жана ага жанаша аймакты муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылы Набережная көчөсү № 300 дареги боюнча жайгашкан “Темир” МИ жоюунун натыйжасында анын имаратын жана ага жанаша аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 0,25 га жер тилкесинде жайгашкан, курулуштун пайдалуу аянты 483,3 кв.м2 түзгөн “Темир” МИнин имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү сурансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |