Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 25-27
Жайкы эс алуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин жайкы эс алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жаштары үчүн Кегети капчыгайында жаштар кемпингин уюштуруу үчүн жана айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине, депутаттарга, кварталдык комитеттердин төрагаларына Ысык-Көлдө жайкы эс алууну уюштуруу үчүн акча каражаты сметага ылайык бөлүнүүсүнө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |