Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 27-27
Шайлоочулардын чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө Аламүдүн жана Садовое айылынын шайлоочулардын чогулушунун протоколу бекитилсин жана жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |