Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17 августу № 29-27
Короо-жай жер тилкесинин чек арасын өзгөртүү жөнүндө
Айыл аймагынын жашоочусу С.А.Джумалиеванын Садовое айылы Кара-Суу чолок көчөсү боюнча жайгашкан короо-жай жер тилкесинин чек арасын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садовое айылы Кара-Суу чолок көчөсү боюнча жайгашкан 2.1га курулуштун долбооруна түзөтүү киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Аламүдүн архитектура бөлүмү башкы планга өзгөртүү киргизүүсүн сурансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |