Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 30-27
Айыл өкмөтүнүн балансына авто унааларды кабыл алуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл өкмөтүнүн балансына авто унааларды кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик менчигинен саны – 3 бирдикти түзгөн төмөнкү жеңил авто унааларды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин:
- DAEWOO- ДАКАТА,5 орундуу, чыгарылган жылы -2006, түсү – ак, кузовунун № IDZHE065684282, көлөмү -3700 см3, күйүүчү май – бензин;
- ФОЛЬКСВАГЕН-ПАССАТ, 5 орундуу, чыгарылган жылы -2001, түсү –кара көк, кузовунун №WWVZZZ3BZIP200333, көлөмү– 2771см3;
-МИЦУБИСИ-МОНТЕРО,5 орундуу, чыгарылган жылы-2000, түсү –күмүш түстүү, көлөмү -3497 см3.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |