Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 31-27
Короо-жай жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин короо-жай жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылы Панфилов көчөсү 305 дареги боюнча жайгашкан аянты -0,0440 га, далдаштыруу коду № 7-01-03-1001-4049 короо-жай жер тилкесин тоорукка коюуга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |