Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 32-27
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү 60а дареги боюнча жайгашкан “Бала бакчанын тосмосун демантаждоо жана куруу”, “Көмөкчү чарбанын имаратын мындан ары кир жуучу жай кылып жасоо жана тиричилик жылуулук казанын орнотуу үчүн курулуш конструкциясын күчөтүү” долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү 60а дареги боюнча жайгашкан “Бала бакчанын тосмосун демантаждоо жана куруу”, “Көмөкчү чарбанын имаратын мындан ары кир жуучу жай кылып жасоо жана тиричилик жылуулук казанын орнотуу үчүн курулуш конструкциясын күчөтүү” долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Чүй облусун өнүктүрүү фондуна документтер берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |