Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 33-27
Акча каражаттары жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 5,0 млн.сом өлчөмүн акча каражаты келип түшкөнү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдөн улам 2016-жыл үчүн бюджеттин кирешелеринин түшпөй калуусуна байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен келип түшкөн акча каражаттары төмөнкүлөргө багытталсын:
- “Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИге - 1,0 млн.сом канализациялык тармактарды капиталдык оңдоп-түзөөгө;
- “Технотоп” ЖЧКсына - 500,0 миң сом жолдорду оңдоп-түзөө боюнча кредитордук карызын жабууга;
- “Максат” фирамсы КТӨ” ЖЧКсына – 500,0 миң сом жолдорду оңдоп-түзөө боюнча кредитордук карызын жабууга;
- “Эр Курулуш” ЖЧКсына - 3,0 млн.сом Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү 60а дареги боюнча жайгашкан бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөөнү аягына чыгаруу үчүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |