Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 35-27
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Набережная көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айылы Набережная көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |