Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 36-27
Айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондунан дем берүүчү гранттарды алууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- №1 Аламүдүн орто мектебинин чатырын алмаштыруу 799842,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен - 239952,6 сом, республикалык бюджеттен – 559889,4 сом;
- “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тосмолорун капиталдык оңдоп-түзөө - 1479093,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен - 443098,0 сом, республикалык бюджеттен – 1035095,0 сом;
- “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылуулук тутумун реконструкциялоо - 1598800,0сом өлчөмүндө,анын ичинде жергиликтүү бюджеттен - 479640,0 сом,республикалык бюджеттен – 1119160,0 сом;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондунан дем берүүчү гранттарды алууга документтерди даярдасын жана 2018-жылга карата бюджетти түзүүдө эске алсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |