Редакцияот 19.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 19-декабры №40-27

СЭӨ планын бекитүү жөнүндө

Аламүдүн айыл аймагын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн айыл аймагын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планы бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл аймыгынын башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко