Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-январы №1
2020-жылдын бюджетин бекитүү, 2020-2021 ж.ж.киреше боюнча божомол, жана 01.01.2020-жылгакирешеден түшкөн артыкча каражаттын чыгашасын бөлүштүрүү боюнча
Төш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджеттик комиссиясынан сунушталган 2020-жылга бюджеттик проектисин жана киреше боюнча 2021-2022 жылдарга божомолун карап чыгып, Төш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн жана 2021-2022ж.ж.кирешенин божомолун 1,2 тиркеме ылайык бекитилсин
2020-жылдын суммасы – 9244,1 миң сом, жана атайын каражат – 900,0миң сом, теңдөөчү грант – 5759,9 миң сом;
2021-жылдын суммасы – 9333,7 миң сом, атайын каражат – 900,0 миң сом, теңдөөчү
грант – 5624,5 миң сом;
2022-жылдын суммасы -9489,5 миң сом, атайын каражат – 900,0 миң сом, теңдөөчү
грант – 5711,3 миң сом;
2. 2020-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн №3тиркемеге ылайык
суммасы – 9244,1 миң сом, атайын каражат - 900,0 миң сом, теңдөөчү грант – 5759,9 миң сом.
3. Республикалык бюджеттен айлык акыга берилген кошумча каражаттар, негиздүү пайдалансын.
4. 2020-жылдагы корголгон берененин негизинде (айлык акы,соцфондго которуу,коммуналдык кызмат, көмүр, калкты соц.жактан коргоо, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү ) жүргүзүлөт.
5. 2020-жылдагы чыгашанын өзүнчө топтору боюнча каржыланбай калгандыктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ассигнованиянын ичинен 2019-жылга алдын ала каралган бюджеттен компенсациялоо.
6. 01.01.2020-жылга – 50,0 миң сом өлчөмүндө кассада накталай туруусу бекитилсин.
7. Атайын каражаттын сметасында бекиткен кирешеден түшкөн артыкча сумма жергиликтүү бюджеттин карамагында толугу менен калтырсын.
8. Бюджеттин киреше бөлүгүндө ашыкча аткарылган каражат айыл аймагында өткөрүлүүчү социалдык маданий иш-чаралар каржылансын.
9. 01.01.2020-жылдын киреше жана чыгашалары №4 тиркемеге ылайык аткарылсын.
10. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт менен түшкөн каражаттар социалдык экономикалык инфраструктураны, айылды көрктөндүрүү-жашылдандыруу жана турак жай боюнча керектөөгө багытталсын.
11. Айыл өкмөт башчысы өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу өзгөртүүлөр, толуктоолор каражаттарды ички бөлүмдөргө жылдырууга,кварталдарга бөлүштүрүүгө жергиликтүү бюджетти жана атайын каражатты болүштүрүүгө укуктуу.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Баяке уулу Болотканга жүктөлсүн.
Төрага | М.О. Джолдошев |