Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
06.03.2020-жылдын 06-марты №117/ХXVIII-27
Жер тилкесин которуу жөнүндө
Ново-Покровка айыл аймагында №8 контурда жайгашкан “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыт” жер участокторун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык которуу туурасындагы даярдалган материалдарды карап жана талкуулап чыгып, Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Жон участогундагы 8-контурдагы аянты 5,9 га “айыл-чарба, жайыт багытындагы” жер тилкени “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонуунун жана башка багыттагы жерлерге” которулушуна (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына кароого жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.М.Абдыкеримов |