Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 11/5
Күнтуу айыл аймагындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун №123 контурундагы 10-гектар жер аянтынын наркын бекитүү боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 11 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү шарттары боюнча, Күнтуу айылындагы №123 контурундагы 10-гектар жер аянтын баштапкы баасы беш миң сомдон башталсын жана ар бир кадамы 100 сомдон жылдырылсын;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевке мыйзам чегинде аукцион аркылуу жерди ижарага берсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
4. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |