Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-февралы №124/XXXVI-2
“Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кесиптик ишинин жогорку деңгэлде жетишкендиктери жана Кайыңды шаарынын мэриясына туруктуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн Тагаев Тилек Мамедовичке, Керимкулова Айгул Карыпкуловнага “Кайыңды шаарынын Ардактууатуулу” наамын ыйгарылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |