Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 126/XXXVIII-1
“Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги батирлерди аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө”
“Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги батирлерди аукцион аркылуу сатуу жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып.
Жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 2-пуктуна, 31-беренесинин 5-пунктунун 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011 жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү даректер боюнча Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги батирлерди аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин:
1. Казаченко көчөсү №2/1
2. Коммунистическая көчөсү №24/19
3. Коммунистическая көчөсү №25/24
4. Коммунистическая көчөсү №27/1
5. Коммунистическая көчөсү №28/1
6. Коммунистическая көчөсү №28/4
7. Больничная көчөсү №16/2
8. Больничная көчөсү №16/7
9. Больничная көчөсү №16/11
10. Больничная көчөсү №16/12
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011 жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясы ачык соодалашууну өткөрсүн.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнө батирлерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кайыңды шаарынын мэриясынын аккумулиациялык эсепке каттасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |