Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 127/XXXVIII - 2
“Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө”
“Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатуу жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып.
Жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 2-пуктуна, 31-беренесинин 5-пунктунун 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011 жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү даректер боюнча Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин:
1. Дорожная көчөсү №23
2. Коммунистическая көчөсү №1 (мурунку жатакананын участогу)
3. Трудовая көчөсү №2, №2/2, №3, №7
4. Гагарина көчөсү б/н (Панфилов РЭТинин арты)
5. Линейная көчөсү б/н (Кирпич заводунун аянты)
6. Коммунистическая көчөсү №20 (мурунку жатакананын участогу)
7. Казаченко көчөсү №14 (бузулган үйдүн аянты)
8. Гагарина көчөсү №2 (мурунку жатакананын участогу)
9. Гагарина көчөсү №4 (мурунку жатакананын участогу)
10. Гагарина көчөсү №6 (мурунку жатакананын участогу)
11. 60 лет Октября көчөсү б/н (жашылча сактоочу жайдын аянты)
12. Кислых көчөсү б/н (мурунку газ чарбасы)
13. Полевая көчөсү б/н (эски бузулган оорукананын аянты)
14. Московская көчөсү б/н (эски бузулган мончонун аянты)
15. Московская көчөсү б/н (бузулган кампалардын аянты)
16. Кривенко көчөсү №23
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011 жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясы ачык соодалашууну өткөрсүн.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнө батирлерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кайыңды шаарынын мэриясынын аккумулиациялык эсепке каттасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |