Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 128/XXXVIII - 3
Панфиловка айылындагы Северная көчөсүндөгү №39/2 жайгашкан Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги коттедждик батирди аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын коттедж батири Курама айылдык округуну аймагында жайгашкандыгына байланыштуу, Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, ошондой эле Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти пайдалануунун максималдуу натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 1,2-пунктарына, 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 2-пуктуна, 31-беренесинин 1,2-пунктарына, 41-беренесине, Кайыңды шаардык кеңешинин 12.02.2013-жылдагы №11/IV-2 токтому менен бекитилген Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосунун 4.11-беренесине ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфиловка айылындагы Северная көчөсүндөгү №39/2 жайгашкан Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги коттедждик батирди аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин:
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011 жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясы ачык соодалашууну өткөрсүн.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнө коттедждик батирди сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кайыңды шаарынын мэриясынын аккумулиациялык эсепке каттасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |