КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 129/XXXVIII - 4
Кайыңды шаарынын аймагындагы авариялык абалдагы имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги авариялык абалдагы, кыйроо коркунучун билдирген административдик имараттар бар. Кривенко көчөсү №23/1 дарегинде мурунку “Железнодорожник” клубунун имараты жайгашкан, Гагарина көчөсү №1/1 дарегинде админитсративдик имарат жайгашкан. Аталган имараттар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун корутундусу боюнча жараксыз абалга келген, ошондой эле Панфилов районунун бузуу боюнча комиссиясынын 18.03.2020-жылдын корутундусуна ылайык алар авариялык жана бузулууга тийиш деп табылган.
Жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 2-пуктуна, 31-беренесинин 5-пунктунун 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.08.2009-жылдагы №518 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобосуна” ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги авариялык абалдагы, кыйроо коркунучун билдирген Кривенко көчөсү №23/1 дарегинде мурунку “Железнодорожник” клубунун имаратын жана Гагарина көчөсү №1/1 дарегинде админитсративдик имаратты бузууга макулдук берилсин:
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмү имараттарды бузууну уюштурууну каржылоо булактарын жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттарды издеп тапсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |