Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 131/XXXVIII - 6
Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
23.09.2011 - жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчиктеги жер аймактарына акылуу менчик укуктарын берүү же болбосо арендага берүү шарттары жана ирээти жөнүндө” № 571 Жобосунун 3 главасы 7 пунктунун талаптарынын негизинде жана комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн жумуш ордунун которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү иретте бекитилсин:
1)Исаев М.Э. – Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн башчысы – комиссиянын төрагасы
2)Курамаев Н.Е. – Кайыңды шаарынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
3)Кабаев Э.О. –Кайынды шаарынын мэриясынын киреше боюнча башкы адиси
4) Молдалиева Б.Дж. – Алты – бакан бала бакчасынын башчысы
5) Момунбаев С.Н. – Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты
6)Подгорный Е.А. – В.В. Казаченко атындагы № 1 мектеп-лицейинин мүдүрү
7).Райымбеков Р.К.– Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси – юрист
2. Кайынды шаардык кеңешинин № 117/XXXIV – 6 2019 – жылынын 26 – декабрындагы токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |