Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 29-майы № 133/XXXVIII - 8
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнө карата сый акы берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэринин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктунун негизинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнүн урматына , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Күнүнө карата мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Б. Абдрасулов |