Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №148 /XXV-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына Аскер столунун жана паспорттук столунун инспектору муниципалдык кызматынан кызматтык муктаждыкка байланыштуу 2020-жылдан тартып дагы 1 бирдик кошууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагындагы аскерге милдетүүлөрдүн саны 1678 болгондуктан, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына “Аскер столунун жана паспорттук столунун инспектору муниципалдык кызматынан кызматтык муктаждыкка байланыштуу 2020-жылдан тартып дагы 1 бирдик кошууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылган катына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык ырааттамасына Аскер столунун жана паспорттук столунун инспектору муниципалдык кызматынан кызматтык муктаждыкка байланыштуу 2020-жылдан тартып дагы 1 бирдик кошууга макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын аппаратынын штаттык ырааттамасына ушул токтомдун биринчи пунктусуна ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |