Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №149 /XXV-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасын бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн “Кызматтык муктаждыкка байланыштуу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2020-жылга штаттык ырааттамасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кайрылган катына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык ырааттамасынын түзүмүнө төмөндөгү өзгөрүүлөр кигизилсин:
Социалдык маселелер боюнча адис- Социалдык маселелер боюнча башкы адис катары өзгөртүлсүн.
Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиси-Мал чарбачылыгы жана агрономия боюнча адиси катары өзгөртүлсүн.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси – Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жана инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси катары өзгөртүлсүн.
Чыгаша боюнча бухгалтер- кассир жетектөөчү адиси- Чыгаша боюнча бухгалтер -кассир башкы адиси катары өзгөртүлсүн.
Киреше боюнча башкы адис- Киреше боюнча жетектөөчү адиси катары өзгөртүлсүн.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын штаттык ырааттамасына ушул токтомдун биринчи пунктусуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |