Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №150 /XXV-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына бир айлык акы өлчөмүндө сыйлык берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик Жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017жылдагы №131 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жана эмгек акысынын шарттары жөнүндөгү” токтомунун 4-пунктусунун 4,5 пунктчасынын негизинде жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын 17.12.2019ж. №03-15/433 сунуштамасын эске алып, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Коллективдик келишимине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Тентимишовага бир айлык акы өлчөмүндө сыйлык төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |