Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №151 /XXV-27
“Социалдык мамилелер алкагындагы айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБО берүү жөнүндө” келишимге макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевтин “Социалдык мамилелер алкагындагы айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБО берүү жөнүндө” келишимге макулдук берүү жөнүндөгү”сөзүн угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдөгү Республикалык бюджеттен каржылоонун убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Социалдык мамилелер алкагындагы айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБО берүү жөнүндө” келишимге макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ж.Чикеев каржылык чыгымдардын беренелеринин жылдык эсебин (кызматтык маянасы, кадамы, класстык чени,ж.б.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жана иштөө шарты жөнүндөгү” токтомдун нормаларына ылайык эсептеп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Чолпонбаев |