Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №152 /XXV-27
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов атындагы мектебинин имаратынын терезелерин, эшиктерин алмаштыруу” долбоорун көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Сулайманов мектебинин директору Н.С.Бейшекееванын Ысык-Ата айылдык Кенешинен “Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов атындагы мектебинин имаратынын терезелерин, эшиктерин алмаштыруу” долбоорун көрсөтүүгө макулдук берүүлөрү жөнүндөгү” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов атындагы мектебинин имаратынын терезелерин, эшиктерин алмаштыруу” долбоорун көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Төрага | Т. Чолпонбаев |