Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №153 /XXV-27
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылындагы Алмалуу клубунун тегерегин көрктөндүрүү, спорттук жана балдар ойноочу аянтчаларды ж.б. салуу” долбоорун көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевтин “Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылындагы Алмалуу клубунун тегерегин көрктөндүрүү, спорттук жана балдар ойноочу аянтчаларды ж.б. салуу” долбоорун көрсөтүүгө Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарынын макулдугун сураган” кайрылуусун угуп жана “Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылындагы Алмалуу клубунун тегерегин көрктөндүрүү, спорттук жана балдар ойноочу аянтчаларды ж.б. салуу” долбоорун карап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондусуна “Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылындагы Алмалуу клубунун тегерегин көрктөндүрүү, спорттук жана балдар ойноочу аянтчаларды ж.б. салуу” долбоорун көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Төрага | Т. Чолпонбаев |