Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №154 /XXV-27
Джогорку –Ичке-Суу айылынын тургундарынын “Джогорку-Ичке-Суу айылынын жаңы конушуна “Кудаке Уркунбаевтин” ысмын коюу жөнүндөгү” арызын кароо жөнүндө
Джогорку-Ичке-Суу айылынын тургундарынын “Джогорку-Ичке-Суу айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “Кудаке Уркунбаевтин” ысмын коюу жөнүндөгү” 22 адам кол койгон жамааттык арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы №559 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун 26-пунктусуна ылайык, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джогорку–Ичке-Суу айылынын тургундарынын жамааттык арызы канааттандырылып, Джогорку–Ичке-Суу айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “Кудаке Уркунбаевтин” ысмын коюуга макулдук берилсин.
2. Көчөнүн атын коюуга кете турган чыгымдарды “Кудаке Уркунбаев” көчөсүнүн тургундарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык иштер боюнча туруктуу комссиясынын төрагасы Т.Б.Байсымаковго жана Ичке-Суу,Норус айылынын айыл башчысы У.С.Абировго жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |