Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №155 /XXV-27
Ичке-Суу айылынын тургундарынын жамааттык арызын кароо жөнүндө
Ичке-Суу айылынын тургундарынын “Ичке-Суу айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “О.Абдыбек” атындагы көчө деп атын коюу жөнүндөгү” 20 адам кол койгон жамааттык арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы №559 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун 26-пунктусуна ылайык, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичке-Суу айылынын тургундарынын жамааттык арызы канааттандырылып, Ичке-Суу айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “О.Абдыбек” көчөсү деп атын коюуга макулдук берилсин.
2. Көчөнүн атын коюуга кете турган чыгымдарды “О.Абдыбек”көчөсүнүн тургундарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык иштер боюнча туруктуу комссиясынын төрагасы Т.Б.Байсымаковго жана Ичке-Суу,Норус айылынын айыл башчысы У.С.Абировго жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |